• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жээнбеков: Абакта болсом дагы шайлоонун аяганы чейин барам

22 Жетинин айы 2021 12:18 Бишкек Govori.TV

Ленин шайлоо округу боюнча депутаттыка талапкер Равшан Джеенбековтун оппозициялык жана эгемендүү партияларга жана алардын тарапташтарына кайрылуу жолдоду.

Кайрылуунун толук тексти менен төмөндө тааныша аласыз:

«Мени, көптөгөн жылдар бою оппозициялык күрөштө жүргөн саясатчы катары жакшы билген, оппозициялык жана эгемендүү партиялардын лидерлерине жана алардын тарапташ колдоочуларына кайрылам.

Кыргыз оппозициясы эч убакта бирдиктүү болгон эмес. Бизде дайыма арабызда карама-каршылыктар, түшүнбөстүктөр жана таарынычтар болуп келген. Бирок, ошого карабастан, биз оор мезгилдерде бири бирибизге чыдап, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, биригип келгенбиз.
Менимче азыр, өлкөбүз ошондой оор мезгилге келип такалды.
Болуп көрбөгөндөй терең социалдык-экономикалык, саясий кризис келди.

Эгемендүү жана оппозициялык саясатчылардын максаты бирдей.
Ал өнүккөн, адилеттүү, жаңы, эркин Кыргызстан.

Жаңы парламентте сөзсүз күчтүү оппозиция болушу керек. Бул өлкөбүз жана келечегибиз үчүн маанилүү.

Бийлик жана анын көз каранды соту менен БШКсы мага жана менин адилеттүү сот, таза шайлоо боюнча программама каршы иштешүүдө.

Баарыңарга, бийлик түрмөгө камап, эл менен жолугууга мүмкүнчүлүк бербеген соң түрмөдөн кат менен кайрылууну туура көрдүм. Бийлик, колу бутума кишен салып, денемди түрмөгө тыкса дагы шайлоонун аяганы чейин барууну чечтим.

Туура көрсөңөр, мени, Ленин шайлоо округунан, оппозициялык, бардык бийликтер менен күрөшүп келаткан саясатчы катары колдоп коюшуңарды суранам», — деп айтылат кайрылууда.

Количество просмотров: 94