• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жээнбеков АФК президенти менен жолугушту

18 Аяк оона 2019 17:43 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-сентябрда, Азия футбол конфедерациясынын (АФК) президенти Салман бин Ибрагим Аль Халиф менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Футболду өнүктүрүү жана аны өлкөдө мындан ары дагы кеңири жайылтуу боюнча пикир алмашуу болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков Азия аймагында футболду өнүктүрүүгө багытталган АФКнын ишмердигин жана реформаларын канааттануу менен белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда футбол спорттун эң белгилүү массалык түрү болуп саналарын, бардык шаарларда жана айылдарда жаштар футбол ойношорун баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында облустарда, шаарларда жана район борборлорунда спорт залдар жана жаңы спорт аянтчалары курулуп жатканын белгиледи.

Ошол эле учурда Бишкек шаарында футболдук жана спорттук инфраструктура эскиргенин кошумчалап, борбор калаада футболду кесипкөй деңгээлге чыгаруу үчүн жаңы стадионду куруу боюнча пландар тууралуу айтып берди.

АФК Президенти Салман бин Ибрагим Аль Халиф футболду колдоосу жана жемиштүү кызматташуусу үчүн кыргыз тарапка ыраазылык билдирди. Ал Кыргызстандын футбол Федерациясы менен биргелешкен иштер жүргүзүлүп жатканын баса белгилеп, өз ара кызматташуунун болочок пландары тууралуу айтып берди.

Салман бин Ибрагим Аль Халиф дагы ата мекендик футболду мындан ары өнүктүрүү демилгелерине жана Кыргызстандагы футболду өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Количество просмотров: 51