• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жээнбеков айыл чарба министрин кабыл алды

26 Кулжа 2019 17:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.06.2019.Govori.TV.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-июнда Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саяат бөлүмү билдирет.

Өлкөнүн агрардык тармагынын учурдагы абалы жана мындан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары талкууланды, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыктары боюнча тийиштүү отчет берилди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Кыргызстанда айыл чарба өлкө экономикасынын реалдуу секторунун артыкчылыктуу тармагы болуп саналат. Агрардык тармакты өнүктүрүү аймактарды жана жалпы ата-мекендик экономиканын өнүгүүсү менен түздөн-түз байланыштуу.

Ал баса белгилегендей, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жөн гана статистикалык орган болбой, агрардык тармактагы реформаларды алдыга жылдырган аракеттердин локомотиви болушу керек.

«Жер-жерлерде айыл чарбасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу зарыл, ар дайым турмуштун күрөө тамырын кол менен кармап, аймактарга тез-тез каттоо керек. Негизги максат айыл чарба продукцияларынын экспортунун көлөмүн арттыруу керек. Айыл чарба тармагына республикалык бюджеттен, Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунан жана башка каржы институттары тарабынан жетиштүү каражаттар бөлүнүүдө, ошондуктан аларды натыйжалуу пайдалануунун үстүнөн көзөмөлдү күчөтүү зарыл», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы айыл чарбасын өнүктүрүүнүн мыйзамдык базасын жакшыртып, кошумча инвестицияларды тартуу жана илимий методдорду пайдалануунун маанилүү экенин баса белгиледи.

«Аймактарда айыл чарба продукцияларын сатуудагы кырдаал мага жакшы тааныш. Алдын ала пландаштыруу боюнча иштерди күчөтүү зарыл, так эмес божомолдор кандай кырдаалга алып келерин көрдүк. Министрлик дыйкандарда жаралган кырдаал боюнча стереотиптерди жоюусу, алар өздөрүнүн продукцияларын сатуу учурунда зыян тартпагандай болушу керек», — деп белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү ата-мекендик айыл чарба продукцияларын экспорттоону көбөйтүү жана алыскы чет өлкөлөргө, анын ичинде ЕАЭБ жана ВСП+ макамынын алкагындагы экспорттук потенциалды колдонуу боюнча иштерди күчөтүүнү сунуштады. Эт-сүт продукцияларын, мөмө жана жашылча жемиштерди, жүн жана башка айыл чарба продукцияларын Кытайга экспорттоону көбөйтүү боюнча кайра иштетүүчү ишканалар менен иштерди жүргүзүүнү сунуштады.

Мамлекет башчысы аймактарды сугат суусу менен өз убагында камсыз кылуунун зарылдыгын жана ирригациялык инфраструктураны куруу боюнча иштерди активдештирүүнү белгиледи. Ошондой эле айыл чарбасында «акылдуу чечимдерди» жана процесстерди санариптештирүүнү киргизүүгө, Министрликтин тутумун оптималдаштырып, аны ийкемдүү жана азыркы талаптарга жооп бере тургандай кылууга көңүл бурду.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев бүгүнкү күнгө карата министрликтин ишиндеги негизги артыкчылыктар катары үч багыт аныкталганын билдирди.

Биринчи — бул экспортту колдоо жана ата-мекендик айыл чарба продукцияларын тышкы рыноктордо илгерилетүү. Бул маселе боюнча айыл чарба ассоциациялары жана ишке тартылган мамлекеттик органдар менен тыгыз өз ара аракеттешүү аркылуу ишке ашырыла турган иш-чаралардын планы түзүлгөн.

«Биз 18 ассоциациялар менен меморандум түздүк, бул 400 миңден ашык фермерлер менен түз иштөөгө мүмкүндүк берет. Министрликтин курамында ата-мекендик продукцияларды чет элдик рынокторго чыгаруу боюнча ишти күчөтүү үчүн экспортту илгерилетүү боюнча жаңы бөлүм түзүлдү. Маселен, буга чейин кытай тарап менен коондорду жана алчаны экспорттоо тууралуу макулдашуу болсо, быйыл унду, кургак сүттү жана быштакты экспорттоо жөнүндө макулдаштык. Азыркы кезде төө буурчакты жана картошканы чет өлкөлүк рыноктордо сатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деди Эркинбек Чодуев.

Экинчи — тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү. Министр Мамлекет башчысына региондордо кайда жана кандай айыл чарба ишканалары артыкчылык тартипте ишке киргизиле турганы белгиленген картаны көрсөттү. Бул багытта Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду, «Айыл банк», «РСК Банк» жана «Кепилдик фонд» ачык акционердик коомдору менен активдүү иш жүргүзүлүүдө. Эркинбек Чодуев Министрликтин жаңы тамак-аш жана кайра иштетүүчү ишканаларды куруу боюнча ишмердиги даректүү жана так жүргүзүлөрүн баса белгиледи.

Үчүнчү — региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында «Айыл маалымат» мамлекеттик ишканасынын базасында жаңы мамлекеттик ишкана — «Санарип айыл чарбасы» түзүлөт. Анын негизги максаты — агрардык тармактагы процесстерди санариптештирүү.

Министр Эркинбек Чодуев белгилегендей, жогоруда айтылгандардан тышкары, кооперативдик чарбалардын тармагын кеңейтүүгө, үрөнчүлүк ишканаларды, асыл тукум мал чарбачылыгын жана органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүгө басым жасалат. Бул да агрардык сектордун комплекстүү өнүгүшүнө кызмат кылат.

Количество просмотров: 5