Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 12-декабрда Бириккен Араб Эмираттарындагы расмий визитинин алкагында БАЭде жашаган мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы мекендештер менен актуалдуу маселелер боюнча пикир алышып, жашоо шарттары менен таанышып жатканына кубанычта экенин өзгөчө белгиледи. Араб өлкөлөрүнүн ичинен кыргызстандыктардын эң чоң диаспорасы БАЭде жайгашканын, алардын көпчүлүгү жаштардан турганын айтып өттү. Ал кыргызстандыктар башка өлкөлөрдүн жарандарынан калышпай, өз максаттарына жетүүгө аракет кылып жаткандарын канааттануу менен белгиледи. Президент БАЭге болгон визитинин жыйынтыктары жөнүндө кыскача айтып берип, жетишилген макулдашуулардын алгачкы жемиштери жакынкы убакта көрүнө баштаарына ишеним билдирди.
Жолугушуу суроо-жооп форматында өттү.
Мекендештер визалык процедураларды жөнөкөйлөштүрүү, билим берүүгө жаңы тил программаларын киргизүү, коррупция менен күрөшүү, медиаресурстардын Кыргызстандан чыгарылып кетти делген акча каражаттары жөнүндө иликтөөсүнө реакция, соттук реформа, билим берүү системасындагы жаңычылдыктар, экономиканы өнүктүрүү, БАЭ менен соода-экономикалык мамилелерди өстүрүү чаралары, мекендештерди колдоо, эмгек миграциясын азайтуу, ишкерлик үчүн шарттарды түзүүгө байланышкан жана башка суроолорду беришти.
Мекендештердин суроолоруна президент Сооронбай Жээнбеков, расмий делегациянын мүчөлөрү жооп беришти.