• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Жээнбеков Армениянын премьер-министри менен сүйлөштү

9 Кулжа 202018:39 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-июнда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Никол Пашинянга тез арада толук сакайып кетишин каалады.

Ошондой эле эки өлкө лидерлери коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы көрүлүп жаткан чаралар, өлкөлөр аралык эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана Евразия экономикалык биримдиктин алкагындагы өз ара кызматташуусун талкуулашты.

Количество просмотров: 44