• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Жээнбеков: «Баарыбыз тең бир кайыктабыз», эч ким колдоосуз калбайт

15 Чын куран 2020 11:35 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынына катышты. Анда ал муктаж болгондорго жардам берүү учурдагы эң көйгөйлүү милдет катары аныкталганын айтты.

Президенттин айтымында, мамлекет тарабынан жасалчу социалдык коргоонун бардык механизмдерин колдонулат.

“Урматтуу мекендештерим, Чыңгыз Айтматов айткандай, “бүгүн баарыбыз тең бир кайыктабыз”. Азыркы кырдаалда эч ким колдоосуз калбайт. Аярлуу катмардагы жарандарды күнүмдүк тамак-аш менен камсыз кылуу маселесин чечебиз. Баарыңарга белгилүү, бизде башка өлкөлөрдөгүдөй резервде “коопсуздук жаздыгы” болгон эмес. Ошондуктан эл аралык өнөктөштөр менен активдүү иштеп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Алгачкы жардамдарды алдык”, — деди Жээнбеков.

Ошондой эле мамлекет башчы пенсия, жөлөк пул, айлык акылар өз убагында берилерин кошумчалады.

Количество просмотров: 356