• Шаршемби 22 Бугу 2024
  • Среда 22 Май 2024

Жээнбеков баштаган расмий делегация Бакуга бүгүн жөнөп кетти

14 Тогуздун айы 2019 14:27 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков Азербайжандын борбору Баку шаарында өтө турган жумуш сапарынын алкагында бүгүн, 14-октябрда азери президенти Илхам Алиев, Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев жана Түркиянын жетекчиси Режеп Тайып Эрдоган менен өзүнчө жолугушууларды өткөрөт.

Президент Жээнбеков баштаган расмий делегация Бакуга бүгүн жөнөп кетти.

Делегациянын курамында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, финансы министри Бактыгүл Жээнбаева, экономика министри Санжар Муканбетов, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов бар. 15-октябрда Жээнбеков Бакуда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин кезектеги саммитине катышат. Түрк кеңешин түзүү тууралуу келишим Нахчыван шаарында 10 жыл мурда түзүлгөн. Бул жолку саммитте Өзбекстан уюмдун мүчөсү болуп кабыл алынат.

Талкуулай турган маселелердин негизгиси — мамлекеттер ортосунда чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүү жаатында кызматташуу багыттарын талкуулоо. Уюмдун буга чейинки жыйыны 2018-жылы Кыргызстанда өткөн. Ушул тапта ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия мүчө. Венгрия уюмда байкоочу макамына ээ.

Количество просмотров: 18