• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Жээнбеков: Берген антыңарды бекем кармап, күнү-түнү тынбай эмгектене турган мезгил

15 Чын куран 2020 10:50 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеӊеште жаңыдан дайындалган Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов ант беришти. Ант берүү аземине президент Сооронбай Жээнбеков катышты.

Мамлекет башчысы ант берген өкмөттүн жаңы мүчөлөрүн куттуктап, өз милдеттерине эң жооптуу учурда киришип жаткандыктарын билдирди.

«Азыр ар бир саат кымбат. Ар бир күн кымбат. Берген антыңарды бекем кармап, күнү-түнү тынбай эмгектене турган мезгил. Элге кызмат кылуу үчүн болгон күч-аракетиңерди, билимиңерди, тажрыйбаңарды жумшайсыңар деп ишенебиз», — деп баса белгиледи өлкө башчысы.

Количество просмотров: 200