• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Жээнбеков: Биз бардык аймактарда комплекстүү ооруканаларды кура баштайбыз

23 Теке 202016:58 Бишкек Govori.TV

Стационарлар сөзсүз керек, кыска мөөнөттүн ичинде алар медициналык мекемелердин жүгүн бир топ жеңилдетип, өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү. Бирок биз бардык аймактарда комплекстүү ооруканаларды дагы кура баштайбыз. Мындай пикирди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-июлда Талас шаарындагы күндүзгү стационарга барган учурда билдирди.

Өлкө башчынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевдин маалыматына ылайык, күндүзгү стационар 100 орунга ылайыкталган жана ачылган күндөн бери ага миңден ашуун адам жардам алуу үчүн кайрылган.

Медициналык кызматкерлер менен баарлашууда президент аймактарга керектүү дары-дармектерди жана медициналык каражаттарды жеткирүү үчүн жергиликтүү бийлик бардык чараларды көрөрүн белгиледи. Стационарларды дары-дармектер жана медициналык каражаттар менен өз убагында жана толук камсыздоо зарылдыгын айтты. Коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө негизги кыймылдаткыч күчкө айланган медицина кызматкерлерине дагы бир ирет ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчы бир топ убакытка чейин аймакка коронавирус инфекциясынын кирүүсүнө тоскоол болгон Талас облусунун жашоочуларынын катуу тартиби жана жоопкерчилигине жакшы баа берди жана биргелешкен аракеттер менен вирустун жайылышын алдын алуу үчүн бардык аймактарда натыйжалуу чараларды көрүү керектигин баса белгиледи.

Андан соң Сооронбай Жээнбеков Талас районунун Көк-Ой айылындагы кароосуз калган үй-бүлөлүк медицина борборунун имаратын көрүп чыкты. Имарат 5 блоктон туруп, 160 орунга ылайыкталган. Ал 2005-жылдан бери иштебей турат. Реконструкциядан кийин орундардын санын 300гө чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Мамлекет башчы жергиликтүү бийликти, Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигин имаратты реконструкциялоо боюнча ишти ыкчам жүргүзүүгө чакырды. Өкмөткө аймактардагы кароосуз калган имараттарды реконструкция кылуу жана заманбап оорукана катары багытын өзгөртүү үчүн ревизия жүргүзүү сунушталганын эске салды.

Бардык облустарда комплекстүү ооруканаларды куруу, ошондой эле күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында имараттарды модернизациялоо боюнча иштер башталат.

Количество просмотров: 85