• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жээнбеков элден кечирим сурады

16 Тогуздун айы 2020 11:12 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин 16-октябрдагы жыйынында сөз сүйлөп жатып элден кечирим сурады.

«Иш болгон жерде кемчиликтер болду. Алар үчүн, кадырман элим, сиздерден кечирим сурайм. Ар бир мекендешиме ден-соолук жана бакыт-таалай тилейм. Ар бир үйдө жакшылыктар көп болсун. Үч жылдык ишимде мага ишеним көрсөтүп келген мекендештериме, чогуу иштешкен бардык бийлик бутактарына, мамлекеттик жана жергиликтүү органдарга, өзүмдүн аппаратыма, жарандык коомго жана медиа тармагына терең ыраазылыгымды билдирем», -деди Сооронбай Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков бийликке келген Садыр Жапаровго кайрылып, ийгилик каалады.

Эске салсак, 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандар митинг өткөрүп, Ак үй менен УКМКнын имаратын басып алышкан. Мындан улам өлкөдө башаламандыктар орун алып, 15-октябрда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алды.

Количество просмотров: 257