• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Жээнбеков: Элди көчөгө чыгарып, бийликке кысым жасайм дегендер жаңылышат

11 Чын куран 201910:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.04.2019.Govori.TV.

Эч бир кыйынчылыкка карабай иштей беребиз. Максаттарыбызга жетүү оңой болбойт. Мындай пикирин Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сөз сүйлөп жатып билдирди.

«Тоскоолдуктар аз эмес. Коррупцияга малынгандардын саботажы, айрым саясий күчтөрдүн каршылыгы болууда. Уюшкан кылмыштуу кландык мафиянын коррупциялык иштери — өлкөгө чоң залалын тийгизди, бул коомчулук үчүн белгилүү болуп калды. Мамлекетти белчесинен карызга батырган уурулукту жашыруу үчүн актанууга өтүштү. Баса белгилеп айтып кетейин, бардыгы мыйзам алдында бирдей. Эч кандай ультиматум кабыл алынбайт»,- деди Жээнбеков.

Ошону менен катар президент «Элди көчөгө чыгарып, бийликке кысым жасоо менен маселе чечем дегендер жаңылышат» деди.

Количество просмотров: 22