Бишкек.31.08.2019.Govori.TV.
Элдин үнүн угуп, соттук системага баа беребиз. Мындай пикирин КР Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-августта Эгемендүүлүк майрамын белгилөөдө сөз сүйлөп жатып айтты.
«Биз бабалардан калган эркиндикти, көз карандысыздыкты, мамлекеттүүлүктү гана эмес, урпактарга өнүккөн мамлекетти, гүлдөгөн жерди, дени сак, билимдүү, заманбап коомду калтырышыбыз абзел. Саясат менен ашкере алектенүүнү азайтып, экономикалык жана социалдык актуалдуу маселелерди чечүү – биздин милдетибиз.
Баарыбыз жапа тырмак жаратмандыкка багыт алуубуз зарыл. Буга чейин башталып, саясий себептер менен солгундап калган реформалар кайра жанданат, күчтөнөт»,-деди ал.
Мфндан тышкары Жээнбеков элдин үнүн угуп, журттун талабын аткаруу үчүн, жүрүп жаткан реформаларга жаңы дем берилээрин кошумчалады.
«Сот-укуктук адилеттигин, мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, аймактардын өнүгүүсүн, өлкөнү санариптештирүүнү камсыз кылууда конкреттүү жыйынтыктарга жетебиз.
Экономикада, билим берүүдө, саламаттыкты сактоодо, коопсуздукту камсыз кылууда, демократияны бекемдөөдө жаңы демилгелер ишке ашырылат»,-деди Жээнбеков.