• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Жээнбеков күч органдарын таза эмес кызматкерлеринен тазаланууга чакырды

17 Аяк оона 2020 19:04 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-сентябрда, Коопсуздук кеңешинин жыйынында күч органдарын таза эмес кызматкерлеринен тазаланууга чакырды.

Мамлекет башчысы элге кызмат көрсөткөн, эл тагдырына таасир эткен мамлекеттик органдарды  коррупционерлерден жана коррупциялык схемалардан тазалоо — коррупцияга каршы күрөшүүнүн эң маанилүү шарты экенин баса белгилеп, чиновниктерди коррупциядан тазаланууну өздөрүнөн баштоого керектигин айтты.

«Ушул залда адамдардын тагдырына таасир этчүлөр отурасыңар. Мамлекеттин тагдырына таасир этип, аны талкалоочулар, же гүлдөтчүлөр да силерсиңер. Ошондуктан, ушул жерде отургандар, кол алдыңарда иштеген кызматкерлериңерге талапты катуу коюп, ар кандай схемаларга аралашпасаңар — өзүңөр таза болосуңар. Мына ошондо жүзүңөр жарык болот, талапты да кое аласыңар. Күрөш дагы натыйжасын берет», — деп белгиледи Президент.

Количество просмотров: 83