• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жээнбеков кадрларды тандоо тутумун жакшыртуу керек деп эсептейт

29 Теке 2020 16:28 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-июлда, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун милдетин аткаруучу Бакытбек Сагынбаев менен онлайн-кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекеттик кадр кызматынын учурдагы ишмердүүлүгү жана жакын арадагы пландары, буга чейин аныкталган милдеттердин ишке ашырылышы, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын жогорку кесипкөй кадрларынын базасын түзүү тууралуу маалыматтар угулду.

Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун милдетин аткаруучу Бакытбек Сагынбаев 2020-жылдын 1-августунан тарта мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кадрларды тандоонун жаңы сынактык тутуму киргизилери тууралуу маалымат берди.

Талапкерлерди тандоо тутумунун принциптери өзгөргөндүгүн — мамлекеттик жана муниципалдык органдарга жогорку упай алган бир гана талапкер жөнөтүлөрүн билдирди.

Бактыбек Сагынбаев ошондой эле адам фактору болбошу үчүн сынактык тандоо максималдуу санариптештирилгенин кошумчалады. Тандоо процессинин ачык-айкындыгын жогорулатуу жана субъективдүү мүнөздөгү факторлорду азайтуу максатында арыз берүүдөн баштап, бардык этаптар автоматташтырылган.

Мындан сырткары, сынактык тандоонун этаптарында да өзгөрүүлөр болгон. Талапкердин маанилүү кесипкөй сапаттары менен жөндөмдөрүн аныктоо үчүн тестирлөөнүн кошумча баскычтары киргизилген.

Кызматтык бош орундарга орто эсеп менен бир орунга 4-5 талапкер, айрым учуларда 20га чейин талапкер болуп жатканын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн ар кыл тармактарынын өнүгүшүнө кошумча дем берип жаткан жаштарды мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин катарына тартуу саясатын улантуунун маанисин баса белгиледи.

«Мамлекеттин келечеги — жаштар. Бардыгы кадрларга барып такалат. Бул жерде кадр кызматынын орду өтө маанилүү: бош кызмат орундарын канчалык кесипкөй адистер ээлесе, реформалар ошончолук тез жүргүзүлүп, мамлекет ыкчам өнүгөт. Мына ошондуктан биринчи кезекте кадр тандоо процессиндеги көйгөйлөрдү жоюу жана аларга тиешелүү көзөмөл кылуу зарыл», — деп баса белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы жаш кадрлар сынактардын жыйынтыктарынан күмөн санабашы үчүн аларды ачык-айкын, таза өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

«Талапкер тиешелүү билимге, тажрыйбага ээ болсо, анда ал сөзсүз жеңем деп сынакка ишенимдүү түрдө келгидей болушу керек», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Количество просмотров: 91