• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Жээнбеков каза болгон ыктыярчы Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсүнө барды

16 Теке 202013:14 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-июлда, борбор калаадагы стационарлардын биринде ыктыярчы-медик болуп иштеп жүрүп каза болгон И.Ахунбаев атындагы КММА студенти Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсүнө барды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Адинайдын ата-энесине, туугандары менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, анын атына багыштап куран окуду.

«Түшүнүп турам, азыр эч бир сөз сиздерди соорото албайт. Өтө чоң жоготуудан улам кабыргаңар кайышып турат. Сиздердин оор кайгыңыздарды тең бөлүшүү менен мен кезинде өз баласын жоготуп, кайгыга батып турган апамды эстеп жатам», — деп белгиледи Президент, Адинайдын апасына кайрат айтып жатып.

«Сиздер ушундай зирек, жашоону сүйгөн, адамдарды сүйгөн кызды тарбиялап өстүрдүңүздөр. Кудайым сиздерге — ата-энесине, туугандары менен жакындарына сабырдуулук, бекем ден соолук жана узак өмүр берсин», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Баарлашууда ата-энеси мектептен бери медик болууну кыялданып, Ысык-Атадагы Юрьевка айылынын орто мектебин эң жакшы баалар менен бүтүрүп, жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алып, Мед академияга тапшырган кызы Адинай тууралуу айтып беришти.

Президент Сооронбай Жээнбеков Адинай Мырзабекова биздин замандын баатыры экенин, ал мекендештеринин эсинде башкалардын саламаттыгы үчүн өз өмүрүн арнаган кайраттуу ыктыярчы катары калаарын баса белгиледи.

Жээналиев Замирбек менен Молдокулова Дилбардын Адинай менен 4 кызы бар эле. Айгерим жана Бегимай — студенттер, Жанель — мектеп окуучусу.

Количество просмотров: 490