• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жээнбеков: Кээ бир судьялар — кылмышкерлердин ишинин оордугуна көз жумуп, алардын жоопкерчилигин жеңилдетип жатат

9 Бештин айы 2019 12:17 Бишкек Govori.TV

«Судьялык кесип — өтө жооптуу кесип, ал жаңылууну, ката кетирүүнү кечирбейт. Ар бир чечимдин артында адамдын тагдыры турат», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-декабрда, өлкөнүн сот системасынын 95 жылдык мааракесине арналган иш-чарада.

Мамлекет башчысы белгилегендей, абийирдүү, адилеттүү, чынчыл судьяларды тандоо — Сотторду тандоо кеңешинин милдети. Кеңештин алгылыктуу аракети менен, бүгүнкү күндө соттук корпус бир кыйла жаңыланды. Бирок, судьялык кызматка кокустан келип калгандар да жок эмес. Айрым татыксыз судьялардын коррупциялык аракеттери дале токтобой жатканы тууралуу кайрылуулар келип жатат.

«Мисал катары, бүтүндөй сот системасынын аброюна көлөкө түшүргөн акыркы фактыларды айтсак болот. Кээ бир судьялар — кылмышкерлердин ишинин оордугуна көз жумуп, алардын жоопкерчилигин жеңилдетип, кылмыш аракеттерин бурмалаган учурлар жок эмес. Аларга карата Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясы эң катуу чараларды көрүшү керек», — деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Маалыматтар боюнча, 2017-2019-жылдары Тартип комиссиясы 190 судьяны тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө чечим кабыл алган. Анын ичинен 14 судьяга сөгүш, ал эми 170 судьяга эскертүү түрүндөгү тартип жазалары берилген. Башкы прокуратуранын сунуштамалары боюнча 11 судьяны, анын ичинде мурдагы 6 судьяны жана иштеп жаткан 5 судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берилген.

«Аларды колдоого алып, тиешелүү жарлыктарга кол койдум. Ошондуктан, мыйзамдуулукту коргой турган бийлик бутагынын өкүлдөрү мыйзамсыз кадамдарга баруу фактылары — түп тамыры менен жоюулууга тийиш», — деп белгиледи Президент.

Количество просмотров: 99