Бишкек.08.08.2019.Govori.TV.
Бүгүн, 8-августта, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында КР Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жатат.
Прессанын катышуусуз өтүп жаткан жыйындын күн тартибинде «2019-жылдын 7-августунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу коопсуздукту жана тартипти камсыздоо» маселеси каралып жатат.
Эске салсак, 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калды. Натыйжада эки тараптын кагылышуусунан 30дан ашуун адам жаракат алып, 1 адам каза болду.