• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жээнбеков Кореянын президентине көңүл айтты

20 Баш оона 2020 18:21 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков Кореянын президенти Мун Чжэ Инге ири суу ташкынынан көптөгөн адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Корея Республикасында көптөгөн адамдардын өмүрүн алып, кыйроого учураткан ири суу ташкыны болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан жакындарын жоготкондорго терең кайгыруу менен көңүл айтам жана бардык жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайм», — деп белгиленет көңүл айтуу телеграммасында.

Белгилей кетсек, жааган нөшөрдөн улам, Түндүк жана Түштүк Кореяны суу каптаган. Анын кесепетинде Түштүк Кореяда алтымыштай адам каза болгон.

Количество просмотров: 483