• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жээнбеков: Коррупция менен күрөш тандалып жүргүзүлгөн жок

25 Бештин айы 2019 12:03 Бишкек Govori.TV

Президент коррупция менен күрөш тандалып жатат деген суроого жоопту маалымат жыйында кайтарды.

«Коррупция менен күрөш тандалып жүргүзүлгөн жок. Күч органдарга тапшырма бергем. Коопсуз кеңешин январда өткөрөм, ошондо сурайм жооп, эмне кылынды деп. Мен Германияга барганда, мага ошондо ЖЭБ тууралуу суроо беришкен. Мен ошондо айткам, эгерде бюджеттен ушундай көлөмдөгү акча чыгарылып кетсе, силер кандай чара көрөт элеңер деп. Коррупция менен күрөш оңой эмес, команда керек. Иш жүрүп жатат. Жыйынтыктарды дагы көрөсүңөр», — деди президент

Андан тышкары президент бизнесмендердин ишмердүүлүгү тууралуу айтты. Бизнести коргош керек, бирок бизнесмендер таза иштеш керек да, салыктарды төлөш керек, деди Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-декабрда маалымат жыйынын өткөрүп жатат.

Маалымат жыйынына 188 журналист аккредитациядан өттү. Анын ичинен 160 журналист 77 республикалык ММКдан жана 28 журналист 15 чет элдик ММКдан.

Количество просмотров: 61