Бишкек.03.04.2019.Govori.TV.
Бүгүн, 3-апрелде парламенттин жалпы жыйынында ЖКнын мурдагы төрагасы, депутаты Асылбек Жээнбеков КСДП партиясынын катарынан чыкканы тууралуу билдирүү жасады.
«Мен өмүр боюу КСДП нын катарында жүрөм деп ойлогом. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет тура. Мен өлкөнүн келечегине кайдыгер карабаган адам катары Кыргызстан социал — демократтар партиясынан чыгуу чечимин кабыл алганымды расмий жарыялайм»,- деди Жээнбеков.
Ал эми депутаттык кызматы парламенттик фракцияда уланаарын кошумчалады.