• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жээнбеков: «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу бизге абадай керек

17 Теке 2020 22:48 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-июлда Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов менен онлайн кеңешме өткөрдү.

Өлкөнүн жол тармагынын азыркы абалы жана аны өнүктүрүү келечеги талкууланды.

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов өлкөнүн ички жолдорун, ири автотрассаларын куруу жана реконструкциялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле министр «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору боюнча сүйлөшүү процесстеринин жүрүшү тууралуу маалымдады.

Ал түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен министрликтин бюджетин 70%га кыскартууга карабай, мурда бөлүнгөн каражаттарды үнөмдөө менен ички жолдорду оңдоп-түзөө улантылып жатканын билдирди. Ашуулардагы жолдордун абалына дагы өзгөчө көңүл бурулуп жатат.

Министр Бишкек — Кара-Балта автожолун реконструкциялоо, Маданият — Жалал-Абад жолунун курулушун улантуу, Түндүк-Түштүк долбоорун ишке ашыруу — инвестициялык долбоорлор боюнча пландык иштерден маалымат берди.

Азыркы тапта Бишкек — Кара-Балта автожолуна орган-минералдык катмар төшөлүп жатат, коронавирус инфекциясы пандемиясына карабастан, жыл соңуна чейин бардык трассаны асфальттоо иштерин жыйынтыктоо тууралуу подрядчылар менен келишимге жетишилген. Ошондой эле каражаттарды үнөмдөөнүн эсебинен Бишкек шаарынын 7 км жол тилкесин оңдоо пландаштырылууда.

Маданият — Жалал-Абад жолунда толук кандуу иш уланууда, асфальт төшөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору боюнча бардык тараптар саясый чечим кабыл алганын эске салып, бул долбоорду ишке ашыруунун өзгөчө маанисин белгиледи.

»Бизде деңизге чыгууга жол жок, пандемия шартында биз ар тараптан «жабылып» калдык. Чек аралар жабылды, экономикага эле эмес, азык-түлүк коопсуздугуна да коркунуч жаралды. Калкты биринчи кезектеги азык-түлүк менен камсыз кылуу маселеси коркунучта калды. Андыктан, өлкөнүн транзиттик потенциалын жогорулатуу өтө маанилүү, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу бизге абадай керек», — деп белгиледи Мамлекет башчысы. 

Президент бул багытта үзгүлтүксүз иштерди жүргүзүү жана Министрлик тараптын «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын ишмердигине көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

Министр Жанат Бейшеновдун берген маалыматына ылайык, бул мега долбоорду ишке ашырууга кызыкдар болгон тараптардын  министрлер жана эксперттердин деңгээлиндеги консультативдик жолугушуулары өткөрүлүп жатат.

Мындан сырткары, Мамлекет башчысы салмак- көлөмдү текшерүү тутумун санариптештирүүгө көңүл бурду.

Количество просмотров: 175