Бишкек.25.06.2019.Govori.TV.
Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясына ылайык, балдардын укугун коргоо приоритеттердин бири экенин жана анын негизинде иш-аракет жүрүп жатканын президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-июнда Бишкекте өтүп жаткан улуттук форумда билдирди.
«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан балдардын укуктары жөнүндөгү Бириккен улуттар уюмунун конвенциясынын 30 жылдыгына арналган улуттук форумга Жээнбековдон тышкары, экс-президент Роза Отунбаева, тиешелүү мекемелердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.
Жыйында балдардын укуктарын коргоо багытындагы маселелер талкууланууда.
Быйыл ноябрда БУУнун Балдардын укугу тууралуу конвенциясынын кабыл алынганына 30 жыл толот. Кыргызстандын ага 25 жыл мурда кошулган.