• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жээнбеков менен Отунбаева жолугуп, эмнени сүйлөштү?

12 Тогуздун айы 2020 10:28 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков экс-президент Роза Отунбаева менен жолугушту. Маалыматты мамлекет башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева ырастаганын жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, жолугушууда алар учурдагы өлкөдөгү абал тууралуу пикир алмашып, саясий кризистен чыгуу үчүн кеңири консенсус табууну сүйлөштү.

«Жолугушуу жекшемби күнү болду. Президент өлкөдөгү абалга тынчсызданып, андан чыгуу боюнча өз көз карашын сунуштаган бардык коомдук жана саясий ишмерлер менен жолугууда», — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын, УКМКнын имараттарын ээлеп алышкан. Натыйжада жаза мөөнөтүн өтөп жаткан бир топ саясатчыларды, анын ичинде Садыр Жапаровду жактоочулары камактан чыгарып алышкан.

10-октябрда легитимдүү орган саналган Жогорку Кеңештин депутаттары «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулуп, премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду бекиткени кабарланган.  Ал эми Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө мыйзамдуу бийлик калыбына келгенден кийин кызматтан кетерин билдирген.

Количество просмотров: 320