• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жээнбеков менен Рахмон чек ара алакасын бекемдөө чараларын талкуулашты

24 Үчтүн айы 2020 17:58 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-январда, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде чек ара алакасын бекемдөө чараларын талкуулашып, жакынкы келечекке пландарды белгилешти.

Эске салсак, 21-январдан 25-январга чейин Бишкек шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык жумушчу топтордун жолугушуусу өтөт.

Количество просмотров: 68