• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жээнбеков менен Сариев сотко жеткирилди (сүрөт)

24 Аяк оона 202111:30 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Темир Сариев менен Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун баш коргоо чарасы каралууда. Аларды соттук отурумга алып келишти.

Эки саясатчы тең Кумтөр кениндеги коррупцияга шектелип, УКМК тарабынан кармалган болчу.

Ал эми, соттун имаратынын алдына эки саясатчынын тарапташтары чогулду, алар Сариев менен Жээнбековду бошотууну талап кылышууда.

Эске салсак, Жээнбеков 31-майдан, Сариев 3-августтан бери камакта. Экөө тең күнөөсүз экенин айтып келишет.

Количество просмотров: 253