• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Жээнбеков менен Токаев «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барды

27 Жетинин айы 201915:01 Бишкек Govori.TV

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков жана Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 27-ноябрда «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Мамлекет башчылары 1916-жылдагы каргашалуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун элесине арналган Мемориалга жана жазуучу Чынгыз Айтматовдун мүрзөсүнө гүл коюшту. Арбактарга багышталып куран окулду.

Эске салсак, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 27-ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген.

Количество просмотров: 43