Жээнбеков менен Токаев кол койгон документтер (тизме)
Жээнбеков менен Токаев кол койгон документтер (тизме)
28 Жетинин айы 201911:45 Бишкек Govori.TV
27-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин жолугушуусунун алкагында бир катар документтерге кол коюлган. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Кол коюлган эки тараптуу документтер:
Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын мамлекет башчыларынын биргелешкен декларациясы;
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы кызматташтыктын 2020-2022-жылдарга комплекстүү программасы;
Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Казакстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын «Ак-Тилек — унаа жолу» жана Казакстан Республикасынын «Карасу — унаа жолу» өткөрмө пункттарынын ортосунда жаңы көпүрөнү куруу жана жана азыркы көпүрөнү реконструкциялоо боюнча биргелешкен өз ара аракеттер жөнүндө макулдашуу;
Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Казакстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы миграция чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы менен Казакстан Республикасынын Коргоо министрлигинин ортосундагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн жана Казакстан Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскер аба майдандарында аскер аба кемелерин кабыл алууну, аэродромдук-техникалык камсыздоону жана кайтарууну уюштуруу тууралуу келишим;
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы менен Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин Финансылык мониторинг боюнча комитетинин ортосундагы экономикалык жана финансылык кылмыштарга каршы күрөшүүдө кызматташуу тууралуу келишим;
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Казакстан Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин ортосундагы өз ара кызматташуу тууралуу келишим;
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метрология боюнча комитеттеринин ортосундагы метрологиялык көзөмөл жүргүзүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу боюнча өз ара кызматташуу тууралуу меморандум;
Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги менен Казакстан Республикасынын «КазахИнвест» УК акционердик коомунун ортосундагы келишим.
Мамлекеттер аралык Жогорку кеңештин 5-отурумунун жыйынтыктары боюнча төмөнкү чечимдерге кол коюлду:
кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары карай өнүктүрүү жөнүндө;
кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын өткөрмө пункттары жөнүндө;
логистика чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө;
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташуу жөнүндө.