Бүгүн Бишкек шаардык сот камактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчтү карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
Жактоочу Замир Жоошев райондук соттун чечими күчүндө калуусу толук ыктымал экенин сот башталаар алдында айткан эле. Мындан тышкары жактоочу саясатчы Равшан Жээнбековдун кайрылуусун айтып берди.
Жактоочусу аркылуу тараткан карылуусунда Жээнбеков соттук отурумдарын ачык өтүүсү керек деген талапты атап, аягына чейин күрөшөөрүн билдирген.
Эске салсак, Биринчи май райондук соту Равшан Жээнбековду 9-февралга чейин камакка алууга чечим чыгарган. Жээнбеков 12-декабрда Ички иштер министрлиги тарабынан кармалган.