Бишкек.30.05.2019.Govori.TV.
Бүгүн, 30-майда Президент Сооронбай Жээнбеков Индия Республикасынын Нью-Дели шаарына учуп кетти. Өлкө башчы Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин чакыруусу менен анын инаугурация аземине катышат, деп билдирди басма сөз кызматы.
Ал эми эртең, 31-майда мамлекет башчысы эки ыйык мечиттин көзөмөлдөөчүсү — Сауд Арабия Королу Салман бин Абдель Азиз Аль Сауддун чакыруусу менен Сауд Арабияга учат жана Мекке шаарында өтө турган Ислам кызматташтык уюмунун 14-саммитине катышат.
Ислам кызматташтык саммитинин кезектеги сессиясы уюмдун түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына арналып, «Келечек үчүн бирге» чакырыгы астында өтөт.