• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Жээнбеков Орусияга кетти

28 Аяк оона 20209:05 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-сентябрда, Россия Федерациясына жумушчу иш сапар менен кетти. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Иш сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, эки тараптуу кызматташуунун азыркы абалы менен келечеги талкууланат. Мамлекет башчыларынын жолугушуусу Сочи шаарында өтөт.

Кыргыз Республикасынын делгациясынын курамында: тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов.

Россия Федерациясына болгон жумушчу иш сапары жыйынтыкталгандан кийин Президент Сооронбай Жээнбеков расмий визит менен Венгрияга барат.

Количество просмотров: 59