Экс-президент Сооронбай Жээнбеков 10-январь күнкү референдумда президенттик башкаруу тутумун тандап добуш бергенин журналисттерге айтты.
Анын добуш берүүгө байланыштуу кыска комментарийи жазылган видеону reporter.kg порталы жарыялады.
Бишкектеги №5 мектептин имаратындагы добуш берүү тилкесине жансакчылардын коштоосуна келген Жээнбеков референдум жана президенттик шайлоого байланыштуу кеңири комментарий берген жок.
Белгилей кетсек, мурунку президент кызмат аркалап жаткан учурда маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде парламенттик башкаруу системасын өнүктүрө турганын айтканы бар.
62 жаштагы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын президенти болуп алты жылдык мөөнөткө 2017-жылдын ноябрь айында шайланган. 2020-жылдын октябрында, парламенттик шайлоодон кийинки нааразылыктардан кийин кызматын мөөнөтүнөн мурда тапшырып берүүгө мажбур болгон.
Бүгүн Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум өтүп жатат.