Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков президенттик шайлоого катышуу үчүн 14-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз берди.
Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган. Парламенттик шайлоодон кийинки башаламандыктардан кийин 6-октябрдын түнүндө абактан бошотулган. «Жарандык көзөмөл комитети» уюму аны саясий туткун деп тааныган.
14-ноябрга карата БШКга 40тан ашык жаран арыз калтырды. Алардын арасында президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров да бар.