• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Жээнбеков Режеп Тайип Эрдоган менен эмне жөнүндө сүйлөштү?

13 Баш оона 20199:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 13.08.2019. Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки жана көп тараптуу кызматташуунун маселелерин жана буга чейинки макулдашуулардын ишке ашыруусун талкуулашты.

Түркия Республикасынын башчысы кыргызстандыктарды жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктап, тынчтык жана бакубатчылык каалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков дагы Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктап, албан ийгиликтерди жана бекем ден соолук каалады.

Количество просмотров: 12