• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жээнбеков саламаттыкты сактоо министринин жоопкерчилигин кароону сунуштады

24 Үчтүн айы 2020 12:20 Бишкек Govori.TV

Санариптештирүү саламаттыкты сактоо тармагында өзгөчө мааниге ээ. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Өлкө башчы белгилегендей, Саламаттыкты сактоо министрлиги «Мектеп медицинасы — IT оорукана» долбоорун киргизүү маселесине кайдыгер карап жатат. Ал саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин дисциплинардык жоопкерчилигин карап көрүүнү сунуштады.

Министр К.Чолпонбаев долбоорду ишке киргизүү акча каражаты жок болгондуктан кечигип жатканын айтып жооп берди.

«Программалык камсыздоодогу аппараттык комплексти орнотууга 300 млн сомдон 500 млн сомго чейин керек. Бирок биз альтернативдик жолдорду карап жана 2020-жылы бул долбоорду ишке киргизүүнү пландап жатабыз», — деди министр.

Количество просмотров: 45