• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жээнбеков Сауд Арабиянын королуна куттуктоо жиберди

23 Аяк оона 201917:58 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-сентябрда Сауд Арабиянын королу, эки ыйык мечиттин көзөмөлдөөчүсү Салман бин Абдел Азиз Аль-Саудду жана өлкөнүн элин Сауд Арабия Королдугунун улуттук майрамы — Королдуктун биригүү күнү менен куттуктады.

Өлкө башчынын куттуктоо телеграммасында: «Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабия Королдугунун ортосундагы өз ара колдоого жана ишенимге негизделген кызматташуу эки элдин бакубаттыгы үчүн мындан ары да өнүгө берет деп терең ишенем. Бул салтанаттуу күнү Сизге жана Сиздин үй-бүлөӊүзгө бекем ден соолук, бакыт, ишиӊизге ийгилик, ал эми боордош Сауд Арабия элине тынчтык жана өнүгүү каалайм», — деп айтылат.

Количество просмотров: 99