• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Жээнбеков: «Сот үч түрлүү болот. Экөө тозокто, бирөө бейиште»

11 Жалган куран 2019 15:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.03.2019.Govori.TV.

Судья деген аттын өзү адилеттүүлүк, адеп-ахлактык, ынсап, маданият деген түшүнүктөр менен бирдей турууга тийиш. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Кыргыз Республикасынын судьяларынын XI курултайында айтып чыкты.

«Мына ушул түшүнүктөн тайган адамга сот системасында орун жок!Эң башкысы Мыйзамдан, Кудайдан коркуш керек! Ыйман болушу керек. Ушуга байланыштуу ушул залда отургандардын бардыгына  Хадистерден бир мисалды айта кетейин. Пайгамбарыбыз «Сот үч түрлүү болот. Экөө тозокто, бирөө бейиште» деп айткан.Акыйкатты билип, чындык менен өкүм чыгарса анын орду бейиште»,-деди президент.

Анын айтымында, маселени билбестен өкүм кылгандар, же акыйкатты билип туруп, бирок туура эмес өкүм чыгаргандар тозокто болот.

Количество просмотров: 6