• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Жээнбеков соттор тууралуу: Эми кааласа ишти жаап коюп, кааласа ачканга мүмкүндүк болбойт

22 Баш оона 2019 15:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.08.2019.Govori.TV.

«Соттук-укуктук реформанын негизги максаты​ — эл​ талап кылган акыйкат жана калыс сот адилеттигине жетишүү»,​ — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-августта Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушууда.

Мамлекет башчысы сот системасын, укук коргоо органдарын тазалоо, мыйзамдарды өркүндөтүү иштери күчөтүлгөнүн белгиледи.

«Эми соттук процесстин баары ачык- айкын болот, мурдагыдай көмүскө​ болбойт. Санариптик инфраструктура, видеобайкоо артыкчылыктуу тартипте киргизилет. Бул коррупциянын жоюлушуна алып келет. Бардык иштер бирдиктүү реестрге катталат»,​ — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.​

Ал​ ар​ бир жаран үчүн тергөөнүн жүрүшү, сот процесси жеткиликтүү болорун жана маалыматтын баары ушул реестрде катталарын кошумчалады.

«Эми кааласа ишти жаап коюп, кааласа ачканга мүмкүндүк болбойт.

Биз эски репрессивдик мыйзамдардан кетип, жаңы укуктук стандарттарга өтүп жатабыз. Анча оор эмес мыйзам бузуулар​ кылмыштардын катарынан чыгарылып, мыйзамдарды гуманизациялоонун алкагында жорук катары бааланат. Жорук жасагандар эркиндигинен ажыратылбайт, андайлар үчүн айып пул, коомдук иштер каралган. Жорук жасаган жарандар, өзгөчө жаш өспүрүмдөр, оор кылмышкерлер менен чогуу камалып, криминалдык чөйрөнүн терс таасирине кабылбайт.​

Соттук​ —укуктук реформа элдин колдоосуна муктаж экенин өзгөчө белгилегим келет.​ Анткени реформанын ишке ашпай калышын каалаган, эскиче жашоону эӊсеген күчтөр аз​ эмес. Бир да​ реформа кемчиликсиз болбойт. Бирок, алган багытыбыздан тайбастан, алга кадамдашыбыз керек»,​ — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Количество просмотров: 3