• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жээнбеков таза, Бишкекке кайтып келе жатат

24 Кулжа 2020 14:39 Бишкек Govori.TV

Москвадагы парадга ардактуу конок катары барган Сооронбай Жээнбековдун коронавируска тапшырган анализи таза чыкты. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Маалыматка ылайык, Сооронбай Жээнбеков жана аны менен барган Кыргыз делегациясы Москва шаарында коронавируска тест тапшырып, Жээнбековдун анализи таза чыккан. Ал эми мамлекет башчы менен чогуу барган Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков менен жан сакчыдан вирус аныкталган.

Стамалиеванын айтымында, өлкө башчы Бишкекке кайтып келе жатат. Президент жана аны коштоп баргандар өлкөгө келээри менен 3 күндүк обсервацияга жаткырылат. Ал эми оорунун белгилери байкалбаган делегациянын курамындагылар үй карантинде болот.

Белгилей кетсек, Президент Сооронбай Жээнбеков Москва шаарынан бүгүн, 24-июнда Кыргызстанга кайтмак.

Количество просмотров: 671