• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жээнбеков Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто менен жолукту

19 Бирдин айы 2020 17:02 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-февралда Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийяртону кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана келечеги талкууланды. Мамлекет башчысы акыркы жылдары кыргыз-венгер мамилелеринин жигердүү өнүгүшү байкалып жаткандыгын канааттануу менен белгилеп, ага 2018-жылдын сентябрында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын Кыргызстанга биринчи расмий иш сапары менен келишин мисал келтирди. Венгрия менен кызматташууну арбытуу Европа бирлигинин (ЕБ) институттары менен кызматташууну бекемдөөгө өбөлгө түзөөрүн баса белгиледи.

«Президент Сооронбай Жээнбеков бардык артыкчылыктуу багыттарда, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестиция жаатындагы багыттарда Венгрия менен жемиштүү кызматташууга даярдыгын билдирди. Венгрия элчилигин Кыргызстанда ачуу достук мамилелерди жана биргеликте аракеттенүүнү бекемдөөгө көмөктөшөрүн кошумчалады.

Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто венгер тарап Борбордук Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан менен мамилелерди өнүктүрүүгө артыкчылыктуу маани берерин билдирди. Венгрияда 2020-жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын президентинин расмий иш сапары чыдамсыздык менен күтүлүп жаткандыгын баса белгиледи. Петер Сийярто бул күтүлүп жаткан иш сапар эки жактуу мамилелерди стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине алып чыгууга өбөлгө боло тургандыгын ишенимдүү айтты. Анын билдиришинче, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте президенттин Венгрияга боло турган иш сапарынын жүрүшүндө кол коюлуучу эки тараптуу документтерди иштеп чыгуу иштери жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Петер Сийярто аны менен бирге келген делегациянын курамында инвестициялык кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн иликтеп чыгуу үчүн 30дан ашуун ири компаниянын өкүлдөрү бар экенин маалымдады. Венгер компанияларынын кыргызстандык рынокко болгон кызыгуусу өлкөнүн ачыктыгынын белгиси экенин кошумчалады.

Мындан сырткары ал Венгрия салык тармагын реформалоо, инвестициялык кызматташууну жакшыртуу жана экспорттук дараметти кеңейтүү боюнча Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлерин кабыл алып, окутууга даяр экенине токтолду. Ошондой эле Кыргызстандын студенттери үчүн Венгриянын жогорку окуу жайларынан билим алууга квоталарды көбөйтүүгө да даярдыгын белгиледи.

Количество просмотров: 56