• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жээнбеков: Вируска каршы күрөшүү үчүн келген жардамдардын максатсыз пайдаланылышына жол бербейбиз

18 Теке 2020 17:49 Бишкек Govori.TV

«Коронавируска каршы күрөшүү үчүн келген жардамдардын максатсыз пайдаланылышына жол бербейбиз», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-июлда, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиого» берген маегинде.

Мамлекет башчысы азыр эл оозунда сырттан келген акчаны чоңдор «жеп койду» деген сөз көп айтылып жаткандыгын айтты.

«Мен бул боюнча буга чейин да айткам, азыр да айтам. Андайга жол берилбейт. Жеке өзүмдүн, премьердин көзөмөлүндө. Өкмөт келген каражатты максаттуу колдонушуна башы менен жооп берет! Эл алдында, мыйзам алдында, Кудай алдында да», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Президент белгилегендей, өлкөдө абал оор, бирок  кыргызстандыктар пандемия шартында жашаганды жана эмгектенгенди үйрөнүшү керек.

«Экономикалык, социалдык долбоорлор токтобойт. Жаңыларын баштайбыз. Менин президенттик ишимде калкты таза суу менен камсыздоо, ирригацияны оңдоо, калкты арзан турак жай менен камсыз кылуу программалары кырдаал канчалык кыйын болсо да токтобойт», — деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Ал социалдык тармакта иштегендердин айлыгы үзгүлтүккө учурабай турганын, баары тең убагында төлөнүп, аярлуу катмардагы жарандарды колдоо саясаты да көзөмөлдө болуп, токтотулбай турганын белгилеп өттү.

Количество просмотров: 337