• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Жээнбеков ыктыярчылардын ишмердүүлүгү тууралуу пикирин айтты

25 Теке 2020 18:34 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-июлда Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» кезектеги маегин курду.

Анын жүрүшүндө өлкө башчыга бир катар суроолор узатылды.

Кечээ жакында ыктыярчылар менен жолуктуңуз. Ал жерде өлкөдөгү ыктыярчы кыймылынын өнүгүшү — мамлекеттик структуралардын чабалдыгы деп баа берилди. Сиз ыктыярчылардын кыймылына кандай баа берет элеңиз?

Президент: Эл башына кыйынчылык түшкөн кырдаалда, эсиңизде болсо, ыктыярчылар кыймылы ар дайым жанданат. Ошол эле Ош коогалаңын эстейли, Дача-СУ трагедиясын эстейли. Азыр дагы кыйынчылыкта эл биригүүдө. Бул кудайга шүгүр, табигый көрүнүш. Кылып жаткан ишин жарыялаганы бар, унчукпай эле, билгизбей эле, көргөзбөй эле жасаганы бар.

Ыктыярчылар — чоң күчкө айланды. Муну реалдуу көрүп турабыз баарыбыз. Айрыкча пандемия мезгилинде. Бирок, бизде азырынча стихиялуу болууда. Бизде мамлекеттик бийликти сындоо курчуп турган мезгил. Ошондуктан мүмкүн ыктыярчылар кыймылын да мамлекеттик органдардын чабалдыгы деп жатышкандыр.

Ооба, мен айтам, мамлекеттик органдар идеалдуу иштеген жок, кемчиликтер, оңдой турган жерлери көп. Бирок, бул көрүнүшкө позитивдүү нукта карайм. Мен мурда да айткам, азыр да кайталайм. Биздин элде алам дегенден, берем дегендер көп. Бул биринчиден.

Экичиден, бул дүйнөлүк тажрыйба. Көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдө ушундай кыйынчылык учурларда гана эмес, жай турмуш күндөрү да ыктыярчылар активдүү иштегенин билебиз. Табиятты тазалайбыз деп, таштанды теришет. Кары- картаңдарды багышат. Жаныбарларга көз салышат. Айтор, турмуштун бардык катмарына таасирин тийгизген ыктыярчылардын болушу — бул ошол коомдун зиректиги.

Бизде деле азыр өлкөдөн сырттагы мекендештерибиз дагы өз жардамдарын аябай, жакындарына, айылына, районуна, мекемелерге жардам берип атышат. Мен жана айткандай, бизде бул стихиялуу болууда.

Ошол жолугушууда да балдар айтышты, мыйзамдык алкакта ыктыярчынын статусун — макамын бекитсек деп. Менимче, келечекте парламент ушул багытта иштесе жакшы болот. Бул туура коюлган маселе. Мен дагы колдойм. Муну бир нормативдик документ менен жолго салышыбыз керек.

Бул бүгүнкү күндүн реалдуулугу. Мамлекеттик бийлик мына ушундай пайдалуу күчкө, кыймылга таянып, көп ишти алдыга жылдырса болот. Аны бүгүнкү күндө көрүп жатабыз. Болгону, туура багыт берип, координациялоо иштерин жакшыртышыбыз керек. Ал тууралуу өкмөткө, республикалык штабга сунуштарды айттым. Азыр бул боюнча иш жүрүп жатат.

Количество просмотров: 93