• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жээнбеков Өзбекстандын элчиси Комил Рашидов менен жолукту

5 Аяк оона 2019 16:05 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-сентябрда, Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Комил Рашидовду өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аяктоосуна байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысы белгилегендей, бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек кызматташтыгы жогорку деңгээлде турат, стратегиялык өнөктөштүк орнотулду, ынак кошуналык мамилелер бекемделип, өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү көбөйүүдө, биргелешкен ишканалар түзүлүп, чекара кызматташтыгы өнүгүп жатат. Ал Комил Рашидовго өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу өз ара аракеттерди алдыга жылдыруу жана бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Комил Рашидовду Премьер-министрдин кеңешчиси — чет өлкөлөрдө иштеген Өзбекстандын жарандарына колдоо көрсөтүү маселеси боюнча Департаменттин башчысы кызматына дайындалышы менен куттуктады.

Өзбекстандын элчиси Комил Рашидов Сооронбай Жээнбековго жана кыргыз тарапка өлкөдөгү жемиштүү дипломатиялык миссиясына көмөктөшкөн түзүлгөн жагымдуу шарттар үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Количество просмотров: 38