• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жээнбеков өзгөчө абалдын узартылышынын себебин айтты

15 Чын куран 2020 11:04 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-апрелде Сооронбай Жээнбеков ушу тапта Жогорку Кеңештин жыйынына катышууда. Анда өлкө башчысы коронавирус илдетинин жайылына бөгөт коюу максатында айрым аймактардагы өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин узартуунун негизги зарылчылыктарына токтолду.

Эгерде бул режимдер алынса, буга чейин COVID-19 вирусуна карата көрүлгөн бардык чаралар текке кетерин белгиледи.

«Кыргызстандын ар бир жаранынын ден соолугу, өмүрү мамлекет үчүн кымбат. Жарандардын тиричилигинде чектөөлөр, кыйынчылыктар болгонуна карабастан бул чечимди кабыл алууга туура келди. Бул жерде элдин ден соолугу, өмүрү же өлкө экономикасын тандоо сыноосу келип чыкты. Биз элдин ден соолугуна кам көрүүнү тандадык», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Кечээ президенттин Жарлыгы менен Бишкек шаарынын, Ош шаарынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылты.

Количество просмотров: 254