• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Жээнбековдун Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы менен жолугуп жаткан сүрөтү тарады

9 Тогуздун айы 2020 18:53 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-октябрда Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабында болуп, анда жаңы дайындалган жетекчи Таалайбек Өмүралиев менен өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу боюнча чараларды талкуулады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жээнбеков учурдагы башкы милдет Бишкек шаарынын тургундарынын коопсуздугун жана коомдун тынчтыгын камсыздоо экендигин белгилеген.

«Бишкек шаарында бүгүн кечки саат 20.00дөн тартып өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө Жарлыкка кол койдум. Учурдагы кырдаалга жараша, биз тез арада абалды колго алып, тынчтыкты бекемдөөгө милдеттүүбүз. Шаарда кагылышууларды болтурбоо максатында өздүк курамды бронетехника менен алып чыгып, блокпостторду орнотуу зарыл», — деди Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков саясий чакырыктардан сырткары коомду бүлүккө салган чакырыктар болуп жаткандыгын кошумчалады.

«Шаар тургундары жана мекендештерибиз ар кандай саясий күчтөрдүн курмандыгы болуп калбашы керек. Ал үчүн мен, Мамлекет башчысы катары, конституциялык укуктарымдын  негизинде болгон аракетти жасайм. Элдин тынч жашоосу, өлкөнүн бүтүндүгүн сактап калууга милдеттүүбуз. Өлкөнүн бардык акыл-эстүү күчтөрү мени колдойт деп ишенем «— деп сөзүн жыйынтыктаган Сооронбай Жээнбеков.

Количество просмотров: 1506