• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Жээнбековдун Сауд Арабиясына расмий визитинин алкагында бир катар документтерге кол коюлду

17 Бештин айы 20199:13 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Сауд Арабиясы Королдугуна расмий визитинин алкагында, бүгүн, 16-декабрда, Эр-Рияд шаарында бир катар документтерге кол коюлду.

Кол коюлган документтер:

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы жарандык коргоо жана коргонуу тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы спорт чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу;

— КР Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен Сауд Арабиясынын Айыл чарба, айлана-чөйрө жана суу ресурстары министрлигинин ортосундагы айыл чарба азык-түлүктөрүнүн ветеринардык коопсуздугу боюнча кызматташуу жөнүндө;

— Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Сауд Арабиясы Королдугунун Билим берүү министрлигинин ортосундагы билим берүү жана илим чөйрөсүндө кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө;

— Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Сауд Арабиясы Королдугунун Мамлекеттик пенсиялык агенттигинин ортосундагы пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө;

— Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Көл айланма жолун (Балыкчы-Каракол-Балыкчы) реконструкциялоо долбоору боюнча насыялык макулдашуу.

Количество просмотров: 24