Камакка алынган мурунку депутат Равшан Жээнбековдун тарапташтары маалымат таратышып, мурунку депутат 7-8-августта Кой-Таш айылында элди бириктирүү менен алек болуп жүргөнүн жазып чыгышты.
Кайрылуунун тексти толугу менен:
Тергөө органдары саясатчы Равшан Жээнбековго Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 3 беренеси боюнча айып тагууда. Алар: 244-берене (“Барымтага алуу”), 264-берене (“Массалык башаламандыктар”) жана 309-берене (“Бийликти күч менен басып алуу”). Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 14-декабрда аны тергөө амалдары аяктаганча 2 айга (2020-жылдын 9-февралына чейин) тергөө абагында кармоо чечимин чыгарды.
Бирок, Равшан Жээнбековдун Кой-Таш окуясы учурундагы иш-аракеттеринде эч кандай кылмыштын белгилери жоктугу толгон-токой фото-видеоматериалдар, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү аркылуу далилденип келген. Ал, биринчиден, 7-август күнү Кой-Таш айылына укук коргоо органдарынын атайын тобу А. Атамбаевдин тарапташтары менен кагылышып, чыр тутангандан кийин барган. Экинчиден, окуя учурунда кесипкөй саясатчы катары тараптарды тынчтыкка чакырып, абалды жөнгө салууга аракеттерди жасап жүргөн. Үчүнчүдөн, кырдаалга байланыштуу башкаруудан чыккан топтордон укук коргоо органдарынын кызматкерлерин (спецназ) арачалап, мыйзамдуулукка чакырып, алардын өмүрүн сактап калган. Булар тууралуу Равшан Жээнбеков тергөөнүн ар бир чакыруусуна өз учурунда барып, көрсөтмөлөрдү берип турган.
Кой-Таш окуяларында Равшан Жээнбеков болбогондо кырдаал башкаруудан чыгып, курмандык дагы да көп болмок – кесепеттерин элестетүү кыйын. Ошондуктан, сиздерди анын иш-аракеттерин салкын кандуу, ашыкча эмоциясыз карап, өз маалыматтык каналдарыңыздар аркылуу элге-журтка жеткирүүгө чакырабыз. Равшан Жээнбековдун 7-август күндөгү Кой-Таштагы иш-аракеттерин төмөндөгү шилтемелер аркылуу көрсөңүздөр болот.
Равшан Жээнбеков эч качан радикалдуу кадамдарга барган эмес, революциялык жолго караманча-каршы турган, ар дайым системдүү реформаларды сунуштап келген жана өлкөнүн өнүгүшүн демократиялык баалуулуктар аркылуу гана көрө алган саясатчы. Өлкөдөгү адам укуктарынын приоритеттүүлүгү, сөз эркиндиги, пикирлердин плюрализми жана тынч чогулуштардын эркиндиги ушундай саясатчылардын аракеттери менен кармалып турат.
РАВШАН ЖЭЭНБЕКОВДУН КАМАЛЫШЫ САЯСИЙ КУУГУНТУКПУ?
Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясында спецназдарды коргоп жүргөн
Равшан Жээнбеков Кой-Таштагы башаламандыкта элдерди тынчтыкка чакырып жүргөн
Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясында эки тарапка бирдей, калыс мамиле жасап жүргөн
Булак: Спутник
Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясында тараптарды ынтымакка чакырып жүргөн
Булак: Кактус Медиа