• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Жээнбековдун уулуна өлкөдөн чыгууга тыюу салынды

4 Чын куран 202215:48 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековдун уулу Азат Равшанга Кыргызстандан чыгууга тыюу салды. Бул тууралуу Жээнбеков өзү Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, атайын кызмат мындай чечимдин себебин түшүндүргөн эмес.

«Уулум Азат Равшанга Кыргызстандан чыгууга тыюу салышты. Азаттын телеканалга эч кандай тиешеси жок. АКШда жашап, иштейт. Мен камакка алынганда Кыргызстанга келип, жумушун үйдөн улантып жүргөн. Эми жумушуна кетирбей жатышат»,-деп жазган ал.

УКМК бул маалыматка комментарий бере элек.

Белгилей кетсек, Равшан Жээнбеков 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча камакка алынган. 2020-жылы шайлоодон кийинки башаламандык учурунда бошотулган. Бирок, «үй камагынын талаптарын бузду» деген жүйө менен август айында кайра №1 тергөө абагына камакка алынган. 2021-жылдын декабрында бошотулган.

Жээнбеков ээлик кылган Next TV каналынын үстүнөн «такталбаган маалыматты таратты» деген негизде быйыл марттын башында кылмыш иши козголуп, териштирүү аягына чыга элек. Азат Равшан буга чейин УКМКга күбө катары суракка чакырылган.

Количество просмотров: 169