Бүгүн Жогорку Кеңештин Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү түзүлгөн кырдаалды иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусу угулуп, депутаттар тарабынан бир катар суроолор берилүүдө.
Анда «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты Айбек Алтынбеков суроо узатып, «Атамбаевди кармоо үчүн атайы операция жасалалып жатканы тууралуу маалымат Президент Сооронбай Жээнбековго берилгенби?» деди.
Ага жооп берген УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев «Президентке Атамбаевди тергөөгө мажбурлап алып келүү болуп калуусу мүмкүн деп айтылган, бирок качан, кантип деген сыңары маалыматтар берилген эмес. Ал чечимдерди мен кабыл алгам», — деди.