• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Жээнчороев Бабанов Кыргызстанга качан кайтып келээрин айтты…

3 Тогуздун айы 201916:37 Бишкек Govori.TV

Өмүрбек Бабанов жакында Кыргызстанга кайтып келет. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев билдирди.

Анын айтымына караганда, Ө.Бабанов Москвага жумуштары менен кеткен.

«Бүгүнкү күндө Өмүрбек Бабанов — бизнесмен. Ал кылмыш иши боюнча күбө катары суралып жаткандыктан эркин жүрө алат. Бул анын чет өлкөгө болгон алгачкы сапары эмес. Билбейм, эмне үчүн бул белгилүү болуп калды? Менин дагы Москвада жумуштарым болду», — деди депутат.

26-сентябрда эртең менен Бабанов менен Жээнчороев Москвага учуп кетишкен.

Количество просмотров: 391