• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жээнчороев: Саймаитинин фирмасы аркылуу чыгарылган акча бюджедге тиешеси бар

31 Үчтүн айы 2020 13:54 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 31-январдагы Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтеш үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өтүп жатат. Анда депутаттар маалымат берүүгө келген атайы тийиштүү органдардын өкүлдөрүнөн маалыматын угуп жатышат.

Ал эми депутат Мирлан Жээнчороев Айеркен Саймаити жана анын фирмасы «Абдыраз» аркылуу чыгарылган күмөндүү акча Кыргызстандын бюджетине тиешеси бар экенин айтты.

«Журналисттер мамлекеттик органдарга маселени көргөзүп берди. Ал акчанын булагы кайдан, кимден алган, ал кантип жүгүртүлгөн — аны укук коргоо органдарынан сурашыбыз керек. Бул эмне үчүн жаап-жашырылып, иликтенген эмес? Бул каражат бюджетке тиешеси бар экенин түз айтышыбыз керек. Финансы полициясы, Башкы прокуратура «сыртка чыгарылган акчадан 5 миллиарддан ашык салык төлөнбөй калган» деп жатат. «932 млн. доллардын ичинде салыктар да бар» деп белгилешүүдө. Анын ичинен 70 миллионго жакын доллар Кыргызстандын акчасы. Ошондуктан бул акча бюджетке тиешеси бар деп ачык айтышыбыз керек.

Эске салсак, комиссия Саймаитинин киши колдуу болушун, аны Кыргызстан менен байланыштырган жагдайларды, буга чейин Бишкек, Ош аэропортторунда каракталган миллиондогон каражаттардын чоо-жайын жана «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган, Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион долларга катышын иликтеп жатат

Количество просмотров: 1265